Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Текебаев: Мени беш машине менен аңдып жүрүшөт


"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 19-сентябрда өткөн басма сөз жыйынында атайын кымат өкүлдөрү күнү-түнү өзүн беш машине менен аңдып жүрүшкөнүн айтып чыкты.

Ошондой эле бийликтин өзүн камакка алуу ыктымалдыгы жогору экенин кыйытып, ага даярданып жүргөнүн билдирди.

«Чачымды алдырып, ыңгайлуу болушу үчүн спорттук күрмөчөн жүрөм", - деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев баштаган мурдагы санаалаштарынын ортосунда пикир келишпестик бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен кийин башталды. Бүгүн 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппаратын бир айдай жетектеген коомдук ишмер Эдил Байсалов да маалымат жыйын куруп, бийлик өзүн камоону көздөп жатканын жарыялады. (NT)

XS
SM
MD
LG