Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Меркелдин партиясы Берлиндеги шайлоодо утулуп калды


Германия канцлери Ангела Меркель.
Германия канцлери Ангела Меркель.

Германияда канцлер Ангела Меркелдин партиясы Берлинде регионалдык парламентке шайлоодо утулуп калды. Расмий маалыматтарга караганда, Христиан-демократтар (CDU) добуштардын 17,6 % алышты. Бул - партиянын буга чейинки тарыхында калаадагы эң начар көрсөткүч болуп саналат.

Атаандаштыкта 22 % добуш менен оңчул-борборчул социал-демократтар (SPD) жеңди. Солчулдарга 15,6 %, ал эми Жашылдар партиясына 15,2 % тийди. Мигранттарга каршы "Германия үчүн альтернатива" оңчул партиясы 14 % алып, биринчи жолу регионалдык парламенттеги мандатка ээ болду.

Эки жума мурун Меркелдин партиясы Мекленбург-Алдыңкы Померания чөлкөмүндөгү шайлоодо 3-орунду ээлеп калган эле. Канцлердин популярдуулугу анын өлкөгө мигранттарды арбын киргизүү чечиминен кийин кескин төмөндөп кетти. Туура бир жылдан кийин Германияда жалпы парламенттик шайлоо өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG