Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Пакистан Индиянын дооматына жооп кайтарды


Кашмирдеги Индиянын коопсуздук күчтөрү
Кашмирдеги Индиянын коопсуздук күчтөрү

Исламабад Кашмирдин Индияга таандык бөлүгүндөгү кол салууга байланыштуу Делинин айыптоосуна жооп кайтарды. Пакистан тышкы иштер министрлиги билдиргендей, премьер-министр Наваз Шариф БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн дарегине жолдогон катында Индиянын коопсуздук күчтөрү Гималаи аймагында адам укуктарын “одоно бузуп жатканын” белгиледи. Мурдараак министрлик кошуна өлкөнүн “негизсиз жана албуут” билдирүүлөрүн айыптап, Делинин позициясы Кашмирдеги адам укуктарынын бузулушунан алагды кылууну көздөйт деген.

18-сентябрда Ури шаарындагы аскердик базага жапырык жасалып, кеминде 17 индиялык аскер жана кол салган 4 киши окко учкан. Индиянын ички иштер министри окуядан көп узабай Пакистанды “террорчул мамлекет” деп атаган. Ал эми коопсуздук өкүлдөрү алгачкы иликтөөгө таянып, чабуулду “чет өлкөлүк террорчулар” ишке ашырган, алар Пакистанда жайгашкан “Даиш-и-Мохаммед” согушкер тобуна мүчө болгон деген тыянакка келишкен. Калкынын көбүн мусулмандар түзгөн Кашмирдин бир жагы Индия, экинчи тарабы Пакистанга таандык.

XS
SM
MD
LG