Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:15

Нью-Йорктогу жардырууга шектелген киши кармалды


Жардыруулар үчүн шектелип жаткан 28 жаштагы Ахмад Хан Рахами

17-сентябрда Нью-Йоркто жана Нью-Жерсиде болгон жардыруулар үчүн шектелип жаткан 28 жаштагы Ахмад Хан Рахами кармалды. Расмий маалыматка караганда, теги оогандык АКШ жараны Рахами Нью-Жерсидеги Линден шаарында полициячы менен ок атышуудан кийин жараат алып колго түшүрүлдү. Аны тез жардам машинасы алып кеткени маалымдалууда. Нью-Йорктогу жардыруудан 29 киши жараланган.

Рахамиге 19-сентябрда издөө жарыяланып, анын сүрөтү жер жерлерге таркатылган. Тергөөчүлөр маалымдагандай, колго жасалган бомба спорт дүкөндөрүндө сатылган Таннерит деген зат менен дүрмөттөлгөн. Ошондой эле ал бомба Бостон марафону учурунда колдонулган жардыргычтарга окшош болуп чыкты.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG