Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси алмашты


Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги.
Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги.

Жаңы дайындалган элчи Сяо Цинхуа 19-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге ишеним грамоталарын тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын абалы жана эки тараптуу кызыкчылыкка таандык багыттарды өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү.

Эрлан Абдылдаев жаңы дайындалган элчиге ишине ийгилик каалады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кытайдын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Ци Даюйдун дипломатиялык миссиясы үстүбүздөгү жылы август айында аяктаган.

30-август күнү Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратында жанкечти өзүн жардырып, үч киши жарадар болгон. Ошондон бери Кытайга виза берүүнү токтоткон элчилик виза берүүнү 10-октябрдан тарта калыбына келтирүүнү убада кылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG