Мамлекеттик миграция кызматы тастыктагандай, булардын ичинен 94ү “Манас” аэропортуна, Ош аэропортуна 18 сөөк учак менен апкелинген. Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” бекети аркылуу 38, Чалдыбар бекети аркылуу 11 мекендешибиздин сөөгү келген. Ошондой эле Чоң-Капка өткөрүү бекети аркылуу 7, Ак-Тилек бекети аркылуу 1, Торугарт чек ара бекети аркылуу 1 кишинин сөөгү келген.
Өткөн жылы жалпысы болуп, сырт жакта жашап-иштеп жүргөн 314 кыргызстандык жарандын сөөгү апкелинген.(ZKo)