Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Дамаск элдешүү жараяны токтогонун жарыялады


Сирия.
Сирия.

Сирия президенти Башар Асад режиминин Куралдуу күчтөрү жарашуу жараянын токтотуу боюнча билдирүү таратты. Кабарга ылайык, сириялык режимдин каршылаштары бир нече жолу элдешүү тартиптерин бузган жана жарашууну жаңы кол салуулар үчүн мүмкүнчүлүк катары пайдаланган.

Дамаск мындай көз карашын Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ыкчам башкармалыгынын башчысы Сергей Рудскойдун билдирүүсүнөн кийин ачыкка чыгарды. Орусияны Коргоо министрлиги бир тараптуу элдешүү режимин сактоо маанисиз болуп калганын айткан эле.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби 19-сентябрда Вашингтон сириялык командачылыктын билдирүүсүнө байланыштуу Орусия тараптан түшүндүрмө күтүп жатканын маалымдаган. Ал Орусия Дамаск режими үчүн ок атышпоо боюнча жоопкерчиликти алганын баса белгилеген.

АКШ менен Орусиянын ортомчулугу аркылуу Сириядагы элдешүү жараяны 12-сентябрда күчүнө кирген болчу.

XS
SM
MD
LG