Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Жергеталдык кыргыздар тууралуу тасма Ошто көрсөтүлөт


Бузкаши - улак тартуу жергеталдыктардын кадырлуу оюну.
Бузкаши - улак тартуу жергеталдыктардын кадырлуу оюну.

21-сентябрда саат 13:00дө ОшМУнун искусство факультетинде Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” аттуу даректүү тасманын бет ачары болот. Анда Жерге-Талдагы этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, алардын тарыхый мекенине болгон кусалыгы чагылдырылган. Фильмдин режиссеру “Азаттыктын” Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан. Анын айтуусунда, бетачардын максаты – жергеталдык кыргыздардын жашоосу тууралуу коомчулукту көбүрөөк кабардар кылуу.

Даректүү тасма “Чагалдак филмз” (Кыргызстан), “Cinedoc” (Франция) киностудиялары жана Швейцария элчилигинин колдоосу менен тартылган. Буга чейин апрель айында Бишкекте тасма алгачкы жолу көрүүчүлөргө тартууланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG