Президент Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарындагы отелдердин биринде турганын Түркиянын Haberler.com сайты жазып чыкты. Буга чейин мындай кабарды Ihlas агенттиги жазганын "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы билдирген.
Түркиялык булактардын маалыматына караганда, Атамбаев 19-сентябрда Стамбулдан Нью-Йоркко учардын алдында өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам алган. Андан жүрөк оорунун белгилери аныкталып, Стамбулдагы ооруканалардын биринен толук текшерүүдөн өткөн. Дарыгерлердин сунушу менен Нью-Йоркко болгон сапарын токтоткон. Азыркы тапта Атамбаев Стамбулдагы отелдердин бирине токтогону кабарланды. Президенттик аппарат Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу АКШга сапарын токтотконун ырастаган, бирок азыр анын кайда турганы тууралуу маалымат бере элек. (ElB)