Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:51

Киев издөө салган адамды Москвада атып кетишти


Расмий Киев террорчулук боюнча издөө салган украин жараны Евгений Жилин Москванын бир конушунда белгисиз адамдын огунан мерт болду. Окуя кечээ Москванын Одинцово районундагы ресторанда болгон.

Украин армиясынын мурдагы офицери Жилинди коштоп жүргөн адам жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилди. Орусиянын иликтөө комитети Жилиндин өлүмү анын бизнесине байланыштуу болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Жилин 2010-жылы чыгыштагы Харьков аймагында “Оплот” аттуу топ түзүп, алар 2013-2014-жылкы Европаны жактаган демонстрацияларга кескин каршы чыгышкан. Орусиячыл президент Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин Жилин жана анын тобу Орусияга жер которгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG