Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Бишкекте оппозиция конституциялык реформаны талкуулоодо


Конституциялык реформага каршылардын пикети.
Конституциялык реформага каршылардын пикети.

Оппозициянын конституциялык реформа талкуусу "Атамбаевден кийинки мезгил" деп аталат. Ага эксперттер, саясатчылар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган. Уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жыйында Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки мезгилдин болжолу, аны алдын алуу маселелери талкууланат. Иш-чараны "Республика" гезити, Сөз эркиндигин коргоо комитети, Референдумга каршы элдик кыймыл биргеликте уюштурган.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Баш мыйзамды өзгөртүүгө оппозициялык күчтөр, жарандык коом, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү каршы чыгып, бул аракет бийликти узурпациялоого алып бара тургандыгын айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG