Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Аксыда чек арага байланышкан митинг болот


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Аксы районунун бир катар тургундары 27-сентябрда акимчиликтин алдына митингге чыгышып, бийликтен чек ара боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын ачык айтууyну талап кылышат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Сапар Наркеев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын пикиринде, коңшу өлкө Үңкүр-Тоодон милиция кызматкерлерин кандай шарт менен чыгарып кеткени ачык маалымдала элек. Мындан улам жергиликтүү тургундар тобу расмий Ташкен менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасын эл билиши керектигин айтышууда.

22-августта Үңкүр-Тоодогу телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырып, ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды өз аймагында мыйзамсыз иштеп жүрөт деген жүйө менен кармап кеткен эле. Алар 8-сентябрда бошотулган. Коңшу мамлекет милиция кызматкерлерин 18-сентябрда толук чыгарып кетти. Өзбек тараптын негизги талаптарынын арасында Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салуу да бар болчу.

Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын радиорелейлик станциясы жайгашкан. Өзбекстан бул аймакты өзүнө таандык деп эсептейт. Бирок кыргыз тарап ал жер тактала электигин айтып келет. Жергиликтүү эл телемунара орун алган аймак Кыргызстанга тиешелүү экенин билдирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG