Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Байкоочулар Орусиядагы шайлоо боюнча тыянагын чыгарышты


Эл аралык байкоочулар Орусиядагы шайлоо көптөгөн эреже бузуулар, мыйзамдык чектөөлөр жана мамлекеттин медиа каражаттарын көзөмөлдөө менен коштолгонун, бирок бул жолку добуш берүү мурдагыга салыштырмалуу айкын башкарылганын билдиришти. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларынын башчысы Илкка Канерва шайлоону тескөөдөгү айкындуулук үмүт жаратканын, бирок адам укуктары чектелгенин айтты. ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын делегация башчысы болсо шайлоо комиссиясынын ишин кубаттады.

Көз карандысыз “Голос” уюмунун теңтөрагасы Григорий Мельконьянц бул шайлоодо да көнүмүш ыкмалар колдонулганын белгиледи.

“Бул шайлоого калың элдин катмары катышууга кызыкдар болбогону бышык. Алар добушканаларга келишкен жок. Кысым алдында шайлоого келген адамдар да аз эмес”,-деди Григорий Мельконьянц.

Орусияда добуштардын 95 пайызы саналып бүттү. Ага ылайык, бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы Думадагы 450 орундун 343үнө ээ болууда. Бул шайлоодо оппозициячыл партиялар жеңишке жетишкен жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG