Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Индия: Кашмирде атышуу болду


Индиянын коопсуздук күчтөрү
Индиянын коопсуздук күчтөрү

Индия өз аскерлери Пакистандын күчтөрү менен Кашмирдеги талаштуу чек арада атыша кеткенин билдирди.

Индиянын армиясы Пакистандын күчтөрү 13 жыл мурунку тынчтык келишимин бузуп, Кашмирдин Ури шаарына жакын аймагында ок чыгарды деп кабарлады.

“Биздин күчтөр артка чегинип, атышуу дээрлик бир саатка созулду”, - деди армиянын өкүлү Ражеш Калиа.

Ал Пакистан тараптан чек арадан өтүүгө аракет кылган 12 адамдын жолу буулганын кошумчалады.

Соңку окуя Ури аймагында 18 аскер жана төрт куралчан адамдын өмүрүн алган чабуулдан эки күн өткөндөн кийин орун алды. Индия бул окуя боюнча Пакистандагы “Жайши-Мухаммед” согушкерлер тобун айыптаган.

1947-жылы Британиянын колониялык башкаруусу аяктагандан кийин Пакистан менен Индия Кашмирди талашып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG