Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Анжелина Жоли менен Бред Питт ажырашат


Голливуд актрисасы Анжелина Жоли актёр жана продюсер Бред Питт менен ажырашуу үчүн сотко документтерин тапшырды.

Жолинин адвокатынын айтымында, актриса “элдешкис пикир-келишпестик” деген жүйөө менен кечээ арызын тапшырган.

Кабарларга ылайык, актриса алты баласын өзү менен алып калууга аракет кылат. Бул балдардын үчөөн жубайлар багып алышкан.

“Бранжелина” же “Жолипиттер” деген атка конгон бул жубайлар Голливуддагы эң белгилүү үй-бүлө деп мүнөздөлүп келген.

52 жаштагы Питт актёрдук чеберчилиги үчүн эки жолу АКШ Кино Академиясынын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн. “12 жылдык кулчулук” аттуу тасмадагы продюсерлик иши үчүн “Оскар” сыйлыгын алган.

Анжелина Жоли 1999-жылы “Үзгүлтүккө учураган жашоо” тасмасындагы ролу үчүн “Оскардын” экинчи пландагы мыкты актриса номинациясын жеңип алган. Ал тасмаларга режиссерлук кылып, БУУнун Качкындар боюнча комиссарынын ыктыярдуу элчиси катары да иштеп келген.

Эки жубай 2004-жылдан бери чогуу жашап, 2014-жылдын август айында гана никеге турушкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG