Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Албек Ибраимовдун киреше декларациясы жарыяланды


Шаар башчы Албек Ибраимов (солдо).
Шаар башчы Албек Ибраимов (солдо).

Мамлекеттик кадр кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкектин мэри 29 жер тилкесине ээлик кылат. Алардын эң көлөмдүүлөрү ар бири 0,714 га болгон (7140 чарчы метр) эки жер тилкеси, ал эми аянты аз дегени 0,164 га (1640 ч/м). Мэрдин декларациясында өткөн жылы ал 765 533 сом айлык акы алганы, дагы 3 млн сомдой кирешени айыл чарба продукцияларын сатып тапканы жазылган. Өзүнө таандык үйү жана унаасы жок. 1,2 гектар (10200 ч/м) ашуун жерде сарай жана курулуштары бар, дагы 0,9 гектар (9280 ч/м) жерде гараж жана башка курулуштары бар экенин маалымдаган.

Албек Ибраимовдун декларациясында жер сатып тапкан 33 млн сом да көрсөтүлгөн. Бул Ибраимовдун жубайы президентке сатты деген участоктон түшкөн киреше болушу ыктымал. Мурдараак “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ал жерге президент Атамбаев өзүнө үй салды деп маалымдаган. Текебаев ошондой эле президентке сатылган жер мурда Максим Бакиевге таандык болуп, ал качып кеткенден кийин мамлекетке кайтарылганын, Албек Ибраимов ал жер тилкесине кантип ээлик кылып калганын иликтөө зарылчылыгын да билдирген.

Бишкек мэри туугандарынын кирешеси тууралуу маалымат берген эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG