Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Башкы прокуратура Кытайдан 7 кыргызстандыкты экстрадициялоого аракеттенүүдө


Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова 20-сентябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, башкы көзөмөл органы кыргызстандык дипмиссия менен кошо Кытайда соттолгон жети кыргызстандыкты экстрадициялоого аракет көрүүдө.

Өткөн жылы Кытайда маңзат ташууга шектелип камакка алынган кыргызстандык аял өлүм жазасына тартылган.

20-сентябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча комитети кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы келишимдин ратификациясына макулдугун берди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG