Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Баткенде тажик жараны 5 кг героин менен кармалды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

ИИМдин маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери атайын операциянын негизинде Лейлек районундагы Жаштык айылында Тажикстан жараны айдап бараткан автоунааны кармашкан. Унааны текшерүү учурунда андан желим кагазга оролгон 4 түйүнчөк табышкан. Анын ичинен 4,9 кг героин чыкты.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, маңзат ташууга тиешеси бар башка адамдарды иликтөө иштери жүрүп жатат. Тажик жараны убактылуу камоочу жайга камалды деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG