Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

Улуттук эне жана баланы коргоо борбору 55 жылдыгын белгилөөдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борбору 55 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Аталган борбор акушердик, гинекология, педиатрия тармагында өлкөнүн булуң-бурчунан келген оор абалдагы эне жана балдарды дарылайт.

Негизделгенден бери мекемеде 277 илимий диссертация жакталган. Илимий изилдөөлөрдө педиатрия тармагында наристелердин тубаса кемтиги, аз кандуулук сыяктуу оорулардын алдын алуу маселелери камтылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG