Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Түштүк Кореяда АКШнын аскердик учактары күзөткө чыгышты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Америкалык эки согуш учагы Пхеньян ядролук сыноо өткөргөндөн кийин Түштүк Кореянын аймагын эки ирет айланып учту. Гуам аралында жайгашкан учактардын бири B-1B бүгүн Түндүк Кореянын чек арасынан 120 километр алыс орун алган аба күчтөрүнүн базасына конду. АКШ Аба күчтөрүнүн өкүлдөрү билдиришкендей, бул учуулар аскерий кубатты жана АКШнын “Корей жарым аралындагы, жалпы региондогу тынчтыкты жана коопсуздукту коргоого берилгендигин” көргөзүүнү көздөйт.

Жарым аралдагы чыңалуу күчөгөн сайын мындай учуулар арбыйт. Түндүк Корея 5 - 9-сентябрда эң кубаттуу атомдук сыноо өткөргөндөн кийин АКШ да согуш учактарын абага көтөргөн.

20-сентябрда Пхеньян спутник учурууда колдонгон жаңы ракета кыймылдаткычты “ийгиликтүү” сынаганын билдирди. Түндүк Кореянын космоско умтулуусу баллистикалык ракеталарды сыноону жашыруу катары каралып келет. Пхеньян алыска учуучу ядролук курал чыгарууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG