Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Атамбаев: Эл беш жыл ичинде менде жаман ой жок экенин билди


Президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун акыркы тексти менен таанышып, аны колдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Кабарга караганда, Атамбаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча парламент депутаттары туура чечим кабыл алып, аны референдумга коеруна ишенимин белгилеген:

- Депутаттардын мындай чечими Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдөө, адилеттүү, натыйжалуу саясий система түзүү боюнча биздин багытты колдоо катары бааланат. Эл беш жыл ичинде президент Атамбаевде жаман ой жок экенин билди деген ишеничтемин. Кыргызстандыктар менен депутаттар провокаторлордун артынан кетпейт, бийликти узурпациялайт деген кептерге ишенбейт деген үмүттөмүн. Акаев менен Бакиев учурунда бийлик Баш мыйзамды өз кызыкчылыгы үчүн өзгөрткөн. Ал кезде оппозиция эмнеге каршы чыкканы түшүнүктүү болчу. Азыр башкы оппоненттер жеке амбициядан улам чыгып жатат, - деди Атамбаев.

Ал ошондой эле Баш мыйзамды өзгөртүү чыныгы парламентаризмди бекемдөө үчүн чоң кадамдардын бири экенин билдирип, алты жылдан бери эл бул маселесин талкуулап, тиешелүү мыйзам долбоору коомдо эки айдан бери ортого салынып жатканын кошумчалаган.

Президент ушу тапта Түркияда дарыланууда. 19-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына бараткан жолдо саламаттыгы начарлап, Стамбулда дарыгерлерге кайрылган. Нью-Йоркко иш сапарын токтоткон. 20-сентябрдан 1-октябрга чейин кыска эмгек өргүүсүн алган.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев криминалдык төбөл Азиз Батукаев түздөн-түз президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен түрмөдөн бошотулганын жарыялаган. Ага чейин Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан.

Президент мындай билдирүүдөн кийин июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качышына Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жогун аныктоону Башкы прокуратурага тапшырган болчу. Президент менен Өмүрбек Текебаев баштаган мурдагы санаалаштардын ортосунда пикир келишпестик бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен кийин күчөдү. (NT)

XS
SM
MD
LG