Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Август айындагы Москвадагы өрттүн айынан 11 бала жетим калган


Москвадагы өрттөн каза тапкан кыз-келиндер.
Москвадагы өрттөн каза тапкан кыз-келиндер.

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда парламент жыйынында билдирди. Маалыматка караганда, энесинен ажыраган балдардын жетөө 12 жашка чейинкилер. Жээнбеков өрт кырсыгынан каза тапкандардын бала-чакаларына, жакындарына жардам берүү маселесин жеке көзөмөлүнө алганын кошумчалады. Он бир балага банктан депозиттик эсеп ачылган, алар бул каражатты 18ге толгонго чейин колдоно алышат. Өкмөт башчынын айтымында, өрттүн себептерин иликтөө, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө конмпенсация төлөө, балдарын камкордукка алуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Каза тапкандарга жана жабыр тарткандарга компенсация төлөө боюнча да Орусия менен сүйлөшүү уланууда. Басмаканада иштеген 50дөн ашык кыргызстандык жарандарга айлыктары берилди.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрт 17 адамдын өмүрүн алды. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болчу.

XS
SM
MD
LG