Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Иранда Ирак менен согуштун жылдыгы белгиленди


Тегерандагы аскердик парад.
Тегерандагы аскердик парад.

Иранда Ирак менен согуштун жылдыгы чоң шаан-шөкөт - аскерий парад аркылуу белгиленди. Тегерандагы аянттан танктар, орусиялык S-300 абадан коргонуу ракета системасы жана Ирандын өзүндө чыгарылган "Эмад" баллистикалык ракеталары өттү.

Ал жерде Куралдуу күчтөрдүн штаб башчысы Мохаммад Бакери сөз сүйлөп Ирандын 1980-1988-жылдардагы согуштан алган сабактары Сирия, Палестина, Ливан, Ирак, Ооганстан, Йемен жана Бахрейндеги “диндеш боордошторго” үлгү болуп бере аларын белгиледи.

Бакери ошондой эле АКШ жана Израиль ортосундагы жаңы коопсуздук келишими "бизди өлкөнүн коргонуу кубатын күч алдырууга түртүүдө" деди.

Ал эми деңиз күчтөрүнүн Бандар Аббас портундагы парадында Революция жансакчыларынын кол башчысы Мохаммад Али Жафари Кошмо Штаттар Перси булуңундагы иштерге кийлигишпөөгө тийиш экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG