Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Сирияда согуштук учак кулап түштү


Сирия
Сирия

Сириялык согуш учагы борбор калаанын жанында кырсыкка учурады. Бирок ал атып түшүрүлгөнбү же техникалык себептен улам кулаганбы, азырынча белгисиз. Сириядагы кырдаалга байкоо салган Британиядагы уюм 21-сентябрда билдиргендей, учак Дамасктын түндүк тарабында кулаган. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал "Ислам мамлекети" радикал уюмуна каршы сокку ургандан кийин кырсыктаганын, пилот куткарылганын кабарлашты. Экстремисттерге жакын "Амак" агенттиги учак "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна каршы төрт рейд жүргүзгөндөн кийин атып түшүрүлгөнүн билдирди. 18-сентябрда радикал топ өлкө чыгышында дагы бир учакты атып түшүргөнүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG