Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Камчаткада орусиялык өспүрүмдү сактап калган кыргызстандыктар сыйланды


Сыйлык тапшыруу аземинен кийин.
Сыйлык тапшыруу аземинен кийин.

Камчатка крайынын губернатору Владимир Илюхин кыргызстандык Махамаджан Шералиев, Козимжон Адилов жана Саибжан Турсунмуратовду 21-августта газга ууланып, өзүн жоготкон орусиялык өспүрүмдү куткарып калышканы үчүн ыраазычылык билдирип, сыйлык тапшырды. Губернатордун ыраазылык катын 21-сентябрда Камчатка өкмөтүнүн төрага орун басары Сергей Хабаров окуп, кыргызстандык жарандарга өздөрүнүн өмүрүн аябай, кишилерди куткарууда көрсөткөн каармандыгын белгиледи.

Камчаткада иштеген кыргызстандыктар 21-августта Елизово шаарында газга ууланып, өзүн жоготкон орусиялык өспүрүмдү куткарып калышкан. Ошол эле учурда өздөрү да ууланып, ооруканага түшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG