Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Бишкектеги жол кырсыгынан жараланган аял бир колунан айрылды


Бишкекте жүргүнчү ташыган кичиавтобустун кырсыкка кабылышынан жаракат алган 37 жаштагы аялдын сол колу билегинен кесилди. Ал азыр реанимацияда, абалы оор бойдон. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, жабырлануучунун бир колу жанчылып, тамырлары үзүлүп кеткендиктен, дарыгерлер аны кесип салууга аргасыз болушкан. Жол кырсыгынан жалпы 9 адам аталган борборго жеткирилген. Алардын алтоо алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен. Травматология борборунда жаткан эки жарандын абалы дурус.

21-сентябрда кечке жуук Шабдан баатыр-Алматы көчөлөрү кесилишкен аймакта 138-кичи автобус ала салып, бир капталына оодарылып, бир нече метрге сүрүлүп барып токтогон. Күбөлөр кичиавтобус катуу ылдамдык менен жүргөнүн айтышууда. Кырсыктын чоо-жайын милиция териштирүүгө киришти.

XS
SM
MD
LG