Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда добушка жиберилди.Буга чейин документ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде экинчи окуудан өткөн. Мындан мурда алтынчы чакырылыш жайкы эс алууга тараганга чейин биринчи окууда жактырылган.
Бүгүн мыйзам долбоорун талкуулоонун алдында бир катар депутаттар аны күн тартибинен алып салууну сунуштап, буга комитетте каралганда мыйзам бузууларга жол берилди деген жүйө келтиришти. Бирок өзгөртүүнү колдогондор муну четке кагып, аны талкуулоону улантуу демилгесин көтөрүштү. Көпчүлүк добуш менен маселе ортого салынып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ага каттоодон өткөн 115 депутаттын 67си "макул", жетөө "каршы" деген добуш беришти.
Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорунда жалпы элдик добуш берүү өткөрүүнүн эрежелери жазылган. (NT)