Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

АКШнын Шарлотт шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды


АКШнын Түндүк Каролинасындагы Шарлотт шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бейшембиге караган түнү ал жерде нааразылык акциясы маалында ок жеген бир адам ооруканага жеткирилди, анын абалы оор. Ок демонстранттар тараптан атылганы кабарланууда.

Жүздөгөн адам катышкан протесттер шейшембиде колундагы тапанчаны жерге таштоо талабын аткарбай койду деген афроамерикалыкты полиция кызматкери атып өлтүргөндөн кийин башталган. Маркумдун жакындары интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу анын колунда курал эмес, китеп болгон деп жазгандан кийин нааразылык ого бетер күчөгөн.

Демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон полиция кызматкерлеринин машиналары талкаланып, айрымдары жараат алган.

​Полициянын айтымында, маркумга ок чыгарган күч кызматкери да афроамерикалык жаран жана ал мыйзам чегинде өз милдетин аткарган.

Окуя иликтенүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG