Эки тараптуу мамиле начарлап жаткан чакта Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Индияны сүйлөшүү үчүн аткарылгыс шарттарды коюуда деп айыптады. Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып ал Исламабад Индиянын "курал-жаракты болуп көрбөгөндөй көбөйтүп жатышын" көз жаздымда калтыра албасын жана "өзүнө жараша жооп кайтаруу үчүн бардык чараларга даяр" экенин айтты.
Шариф ошондой эле Индия менен Пакистандын ортосунда күчөп бараткан тирешүүгө көңүл бурбай коюу канчалык кооптуу экенин дүйнөлүк державалар да көңүлгө алышы керектигин баса белгиледи.
Эки өлкө Кашмир облусун 1947-жылдан бери талашып келатат. Ортодо эки жолу согуш да тутанган.
Расмий Дели Исламабадды Кашмирдин Индиянын көзөмөлүндөгү аймактарында жикчилерди колдоп жатат деп айыптап келат. (RK)