Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Дарига Назарбаева "халал бала бакчаларга" ачууланды


Дарига Назарбаева
Дарига Назарбаева

Казак парламентинин коопсуздук комитетинин жетекчиси Дарига Назарбаева өлкөдө "халал бала бакчалар" иштеп жатканын угуп ачуусу келди. Бул тууралуу ал Астанада терроризм жана экстремизмге каршы күрөш маселелери талкууланган жыйында сүйлөп жатып айтты.

- Өтө көп нерсени өткөрүп жибериптирбиз. Жакында мен "халал бала бакчалар" бар экенин угуп абдан ачуум келди. Быйыл жайында болгон окуялар бизди көп нерсеге үйрөттү, - деди ал.

Назарбаева келечекте зомбулук, терроризмге бөгөт коюу үчүн бала бакча, мектеп, үй-бүлөдө тарбия туура жүрүшү керектигин баса белгиледи. Ал ошондой эле полициянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү керек деген сунушун айтты.

Жакында парламентте сүйлөп жатып казак президенти Нурсултан Назарбаев дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү сыяктуу эле Казакстан да террордук коркунучка түздөн-түз туш болгонун айтып, ага каршы туруу үчүн тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу керектигин айткан.

Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында 25 согушкерден турган топ бир нече жерге кол салып, сегиз адам, алардын арасында үч аскер кызматкери набыт кеткен. Атайын операция маалында куралчан топтун 18 мүчөсү жок кылынып, калган жетөө камакка алынган. Аларга карата терроризм беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

Ал эми 18-июлда Алматыда жалгыз адам полиция кызматкерлерине кол салып, беш өмүр кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG