Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Жикчилер туткундар боюнча Киев менен макулдашканын айтууда


Өзүн элдик республика деп жарыялап алган Донецк жана Лугансктын лидерлери Киев менен бардык туткундарды алмашуу тууралуу макулдашуу кабыл алынганын билдиришти. Лугансктын өкүлү Ольга Кобцева сүйлөшүү 21-сентябрда Минскте өткөнүн, жыйынтыгында макулдашууга жетишилгенин айтты.

Шаршемби күнү Украинанын Жогорку Радасынын вице-спикери Ирина Геращенко жикчилер Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрүн туткундагы украин жарандары менен жолуктурууга макулдугун бергенин айткан. Бирок ал алмашуу тууралуу эч нерсе билдирген эмес болчу.

Донбасстагы согуш 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG