Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Москвада кыргызстандык спортчулардын «Айкөл FC» күрөш клубу ачылды


«Айкөл FC» клубунун ачылышына Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев катышты
«Айкөл FC» клубунун ачылышына Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев катышты

«Айкөл FC» клубу спорттук машыгуулар жана мелдештерге ылайыкталып, Орусиядагы кыргызстандык балбандарды колдоого багытталган социалдык долбоор катары ишке ашырылды. Клубдун негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Москвада кыргызстандыктар көбүнчө жергиликтүү спорт залдарын 2-3 сааттык ижарага алып, өздөрүнүн күчү менен каржылайт.

Ошол эле учурда мигранттардын арасынан чыккан спортчулар эркин күрөш, эрежесиз эр уруш, бокстун түрлөрү боюнча Орусияда улам жаңы ийгиликтерди жаратууда.

- Жаңы клуб мигрант спортчулардын шарттарына ылайык күнү-түнү иштейт, ошондой эле социалдык жеңилдиктер каралган, - дейт Осмонбеков.

Ачылыш аземине катышкан Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев мындай аянтчалар Орусиядагы кыргызстандык жаштарды бош убактын пайдалуу өткөрүп, чет жакта мекендештердин биримдигине көмөктөш болорун белгиледи.

Клубдун ачылыш аземи 22-сентябрда өттү. Ага Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Чеченстандын спортчулары, “Орусиядагы мигранттар федерациясы” коомдук уюмунун президенти Вадим Коженов жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

«Айкөл FC» спорт клубу кыргыз ИИМнин колдоосу менен ачылды.

Орусияда жалпысынан 50-300дөн кыргызстандык мигрант машыккан “Жаш күч”, “Айкөл Манас”, “Хан-Манас”, “Төлөс”, “Таймурас” спорттук бирикмелер бар. (LzT)

XS
SM
MD
LG