Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Москвадагы ири өрттү өчүрүү учурунда жети өрт өчүргүч дайынсыз жоголду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Алар Москванын чыгышындагы жасалма гүлдөр сакталган кампада чыккан өрттү өчүрүп жатышкан. Орусия ӨКМнин маалыматы боюнча, өрт өчүргүчтөр менен байланыш эмгиче улана элек. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, алар урандылардын алдында калуусу ыктымал.

Бул аралыкта жергиликтүү маалымат агенттиктери беш өрт өчүрүүчү набыт кетти деп жазып чыгышты.

Өрт 22-сентябрда кечке жуук башталган. Башында 250 чарчы метр жерди каптаган өрт көп өтпөй 4,5 миң чарчы метр жерге чейин жеткени кабарланууда. Өрттү өчүрүүгө 30 куткаруучу топ тартылган.

Башка жабырлануучулар тууралуу азырынча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG