Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Орусия менен АКШ Сирия кризиси боюнча келише алган жок


Керри менен Лавров Улуттар уюмунун жыйынында.
Керри менен Лавров Улуттар уюмунун жыйынында.

Нью-Йоркто 22-сентябрда өткөн жыйында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Москва конструктивдүү сунуш бербегенин билдирди. Керри БУУнун Башкы ассамблея сессиясында Сирияны колдоочулар тобу менен жолугушкан соң, Вашингтон Сириядагы согушту токтотуу үчүн элдешүүгө жетишүү аракетин уланта берерин билдирди. Бирок, анын пикиринде, президент Асад менен анын өнөктөшү Орусия да мындай аракетти колдоп, мунасага келиши керек.

Жолугушууга Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Европа, Араб өлкөлөрүнүн элчилик өкүлдөрү катышты. Лавров Башар Асаддын бийлигин кулатууга аракеттенген сирия оппозициясы экстремисттерге кырдаалдан пайдаланып кетүүгө жол бербеш үчүн мунасага келүүгө даяр болушу керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG