Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Жикчилдер туткундарды алмашуу боюнча Киев менен макулдашты


Евробиримдик өкүлдөрү Донецкиде.
Евробиримдик өкүлдөрү Донецкиде.

Өзүн элдик республика деп жарыялап алган Донецк жана Луганскинин лидерлери Киев менен бардык туткундарды алмашуу тууралуу макулдашууга жетишкенин билдиришти.

Луганскинин өкүлү Ольга Кобцева сүйлөшүү 21-сентябрда Минскиде өткөнүн, жыйынтыгында макулдашууга жетишкенин айтты.

Шаршемби күнү Украинанын Жогорку Радасынын вице-спикери Ирина Геращенко жикчилдер Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрүн туткундагы украин жарандары менен жолуктурууга макулдугун бергенин ырастаган. Бирок ал алмашуу тууралуу эч нерсе билдирген эмес.

Донбасстагы согуш 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. Киев жана Батыш өлкөлөрү жикчилдерге колдоо көрсөтүүдө деп Орусияны күнөөлөп келет. Кремль бул айыптоолорду четке кагат. БУУнун эсебинде Донбасста жаңжал башталгандан бери 9600 адам курман болду.

XS
SM
MD
LG