Кыргызстандын 16 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугундагы мелдештерин жыйынтыктады. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстандын жаш футболчулары бүгүн, 22-сентябрда тайпалык тандоо оюндарынын алкагында Вьетнам курамасы менен беттешип 3:1 эсебинде жеңилип калды. Бул жеңилүү менен чейрек финалдык мелдештерге чыга албай калышты.
В тайпасында ойногон Кыргызстандын футболчулары алгачкы беттешинде австралиялыктарды 1:0 эсебинде утуп, кийин жапониялыктарга 8:0 эсебинде жеңилген эле. Бул тайпада жапониялык команда үч оюнда тең жеңишке жетип биринчи орун менен кийинки айлампага чыгышты.
Кыргыз футболчулары менен болгон беттешке чейин Жапония оюнчуларына 7:0 эсебинде жеңилип, австралиялыктарды 3:2 эсебинде уткан вьетнамдыктар экинчи орун менен плей-оффто ойноого мүмкүнчүлүк алышты.
Азия чемпиондугунун тайпалык мелдештерине 16 команда төрт тайпада ойношту.
15-сентябрда башталган оюндар 2-октябрга чейин уланат. Эң мыкты төрт команда 2017-жылы Индияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат. (ECh)