Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Аксыдагы митингдин качан өтөрү белгисиз


Аксыдагы жазгы митингдер.
Аксыдагы жазгы митингдер.

Райондун борбору Кербен шаарында 27-сентябрда чек арага маселесине байланыштуу өтүүчү митинг белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Сапар Наркеев "Азаттык" радиосуна билдирди.

-Баш мыйзамды өзгөртүү маселесинен улам болуп жаткан саясий талаш жана Кадыржан Батыровдун ЕККУдагы билдирүүсүнөн кийинки жагдайды эске алып, тынчтык митингди белгисиз мөөнөткө калтырдык. Биз да өлкөдөгү стабилдүүлүктү жана улуттар арасындагы ынтымактыкты каалайбыз,- деди Наркеев.

Мурда кабарлангандай, митингде бийликтен чек ара боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялоо талабы коюлмак.

Коңшу өлкө Үңкүр-Тоодон милиция кызматкерлерин кандай шарт менен чыгарып кеткени ачык маалымдала элек. Мындан улам жергиликтүү тургундар тобу расмий Ташкен менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасын эл билиши керектигин айтышууда.

22-августта Үңкүр-Тоодогу телемунарага Өзбекстан тик учак менен милиция кызматкерлерин киргизип, 18-сентябрда кайра аларды чыгарып кеткен.

Өзбек тараптын негизги талаптарынын арасында Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салуу да бар болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG