Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:23

Текебаев мүлктөрү тууралуу журналисттерге тур уюштурат


Текебаев мүлктөрүн ачык көрсөтүүгө даяр.
Текебаев мүлктөрүн ачык көрсөтүүгө даяр.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн мүлктөрүн ачык көрсөтүү жана санап берүү максатында журналисттерге тур уюштурууга даяр. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирди.

22-сентябрда КТРКда Текебаевдин мүлктөрү жөнүндө көрсөтүү чыккан. Анда бир катар объектилери жубайына катталганы, көбү 2010-жылдан кийин алынганы айтылат. Мунун баары декларацияда расмий белгиленген.

Текебаев бул көрсөтүүнү ачык каралоо катары сыпаттоодо.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков мында эч кандай каралоо жоктугун, коомдо болуп жаткан окуяларды ар тараптан чагылдыруу – каналдын милдети экенин айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG