Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Алеппого кайрадан сокку урулду


Сирия, Алеппо.
Сирия, Алеппо.

Бүгүн эртең менен Сириянын Алеппо шаарынын жака бели кайрадан бомбаланды. Алдыңкы күнү болсо ок атышпоо келишимин сактап калуу аракети майнапсыз аяктаган эле. Шаардын жарандык куткаруу кызматынын башчысы Аммар ал Селмо асманда согуштук 5 учакты көргөнүн Рейтердин кабарчысына айтып берди. Бирок набыт кеткендер тууралуу маалымат берилген жок. Соккулар калаанын оппозициянын колундагы бөлүктөрүнө урулганы айтылууда.

Сириядагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Британиядагы уюм бүгүн эртең менен эрте Алеппонун ар кайсы райондорундагы буталарга эң аз дегенде 30 сокку катталганын билдирди. Кечээ кечинде Орусиянын авиациясы колдогон Сириянын куралдуу күчтөрү Алеппонун чыгыш тарабындагы райондорду көзөмөлдөп турган оппозициянын күчтөрүнө каршы чабуул коюларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG