Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Нурлан Мотуев жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөйт


Нурлан Мотуев
Нурлан Мотуев

“Терроризмди жайылтууга” айыпталып, 7 жылга эркинен ажыратылган Нурлан Мотуев жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөйт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди:

-Ал жатак-абакка кесилген. Жабык камак эмес. Шаарда ээн-эркин жүрө берет. Иштеген жумушуна барып-келсе болот. Бирок биздин каттообузда турат.

Быйыл августта Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ага "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, 13-майда кармаган. (SE)

XS
SM
MD
LG