Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

"Ата Мекен" “Манас” аэропортунун тамак-аш даярдоо цехин иликтөөнү талап кылат


"Ата Мекен" фракциясынын "Манас" аба майданындагы жыйыны.
"Ата Мекен" фракциясынын "Манас" аба майданындагы жыйыны.

“Ата Мекен” фракциясы 23-сентябрда "Манас" аэропортунун иши менен таанышып, ошол жерде жыйын өткөрдү. Фракция башчысы Өмүрбек Текебаев 2015-жылы аэропорт тамак-аш менен камсыздоо жана жүк түшүрүүчү "Манас менежмент компаниясын" кымбат сатып алганын билдирди. Аталган компания жетекчилиги сатып алуулар тууралуу маалымат берди, бирок ага "атамекенчилер" канааттанбай, жакынкы күндөрү бул маселени текшертүү боюнча тийиштүү органдарга кайрыла тургандыгын маалымдашты.

Ошол эле маалда "Манас" аэропортунун башкы директору Эмир Чукуев бул компания кымбат алынды деген маалыматка кошулбайт. Ал Өмүрбек Текебаевди саясий кызыкчылыктар үчүн аэропорттун дарегине көлөкө түшүрбөөгө чакырды.

16-сентябрда Текебаев Бишкек шаарынын азыркы мэри Албек Ибраимов "Манас" аэропортун жетектеп турганда кызматынан аша чапканын жарыялаган. Жүргүнчүлөргө тамак-аш даярдоочу ишкананын баасы 2 миллион долларга турса, аны мамлекеттин эсебинен 15 миллион долларга сатып алган деп күнөөлөгөн. Аэропорт башкармалыгы ишкана 12 миллион долларга алынганын кабарлады. (TSh)

XS
SM
MD
LG