Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Орусия Ысык-Көлгө космонавттар эс алчу борбор курат


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Юрий Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо жана илимий изилдөө борборунун өкүлдөрү көл жээгинде реабилитациялык борбор салууну көздөп жатат. Алар облус башчысы менен жолугушуп, сунушталган жерлерди көрүшкөн. Орусиялыктар "Аврора" жана "Кыргыз деңизи" пансионаттарын ылайыктуу деп табышкан. Бул эки пансионатта тең дарылануучу атайын бөлүктөр бар экенине кызыгышкан.

Эми аталган эки пансионаттын бири тандалып, кийинки жылы курулуш иштерин баштоо максат кылынууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG