Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Москвадагы Орусия президентинин иш башкармалыгына караштуу борбордук клиникалык бейтапканада дарыланууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, президенттин абалы жакшы.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү буга чейин Атамбаев бүгүн дарылануу максатында Москвага барганын билдирген. Азырынча бейтапканага жатпай, адистердин көзөмөлүндө болорун маалымдаган болчу.
19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн бараткан жолдо Стамбул шаарынын Ататүрк аэропортунда президент өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Адистер президенттин жүрөгүндө оорунун белгилери бар экенин аныкташкан. Мындан улам ал 20-сентябрдан тарта кыска мөөнөткө өргүү алган. (NT/LzT)