Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 19:05

БУУнун комиссары Македониянын миграция саясатына камтамасын билдирди


Заид Раад ал-Хусейн

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Заид Раад ал-Хусейн Македонияны мигранттарды өлкөдөн чыгаруу жана кармоо саясатын токтотууга үндөдү. Комиссар Македония март айында чек арасын жапкандан бери эки борбордо баш калкалап келаткан 180 мигранттын, анын ичинде 80 баланын тагдырына камтамасын билдирди. Ал Скопье бийлиги бозгундарды кошуна өлкөлөргө кайтаруу, тобу менен сүрүп чыгаруу аракеттери менен адам укуктары чөйрөсүндө эл аралык милдеттенмелерин бузуп жатканын айтты.

Өлкөнүн жакында кабыл алынган баш паанек тууралуу мыйзамы да сынга кабылды. Жобо мигранттардын көбүн баш паанек алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коет. Улуттар уюмунун жогорку өкүлү билдиргендей, былтыр качкындар тапшырган 600 арыздын бешөө гана биринчи инстанцияда канааттандырылган. Ошондой эле үй-бүлөлөрдүн биригүүсү да кыйындады.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG