Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Путин Володинди Мамдума төрагалыгына сунуштады


Орусия президенти Владимир Путин администрациясынын жетекчи орун басары Вячеслав Володинди Мамлекеттик Думанын төрагалыгына сунуш кылды. 18-сентябрдагы шайлоодо парламент мандаттарын жеңген партиялардын лидерлери менен жолугушууда Путин Думаны Володиндин талапкерлигин колдоого чакырды. Анын алдында президент буга чейинки спикер Сергей Нарышкинди Тышкы чалгындоо кызматынын башчылыгына дайындаган.

Нарышкин Мамлекеттик думанын төрагасы болуп 2011-жылдын декабрынан бери иштеп келген. Ага чейин 3 жыл президент администрациясын жетектечү. Ал президенттей эле Санкт-Петербург шаарынан болот. Маалыматтарга Караганда, советтик чалгындоо кызматы үчүн чет өлкөлөрдө, анын ичинде 1980-жылдары Брюсселдеги элчиликте иштеген.

52 жаштагы Володин болсо 1999-2011-жыдары бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын баш катчысы жана депутат болуп келген. 2010-жылдын октябрынан 2011-жылдын декабрына чейин вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

XS
SM
MD
LG