Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Египет жээгинде чөгүп кеткен мигранттардын сөөктөрү табылды


Египеттин расмий өкүлдөрү деңиз жээгинен мигранттардын жүздөн көп сөөгү алынып чыкканын билдиришти.

Бехейра провинциясынын губернатору Мохаммед Султан "Ассошейтед пресс" маалымат агенттигине билдиргендей, маркумдар 21-сентябрда Розетта портуна жакын жерде чөгүп кеткен кемеде баратышкан.

Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар агенттиги аткезчилердин кемесинде 450дөй киши бар болгонун айтса, жергиликтүү МЕНА агенттиги 600дөн кем эмес кишинин баратканын жазган. Кырсыктан 150 чакты киши, көбүнчө египеттиктер аман калды. Каза болгондордун көбү балдар менен аялдар. Европага деңиз аркылуу жетүүнү көздөгөн мигранттардын жолу Египеттен өтөт.

XS
SM
MD
LG