Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Саякбай Каралаев жөнүндө тасма тартылууда


Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна тасманын продюсери Сүйүн Сулайманова билдирди. Анын айтымында, фильмдин басымдуу бөлүгү улуу манасчы байырлаган көлдүн түштүк тарабындагы Ак-Өлөң, Тоң айылдарында жана Боз-Салкын жайлоосунда тартылып бүттү. Калган эпизоддору Бишкек шаарында тартылмакчы.

Тасмада негизинен Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусу чагылдырылат. Эрнист Абдыжапаров режиссерлук кылган тасма бир ай мурда тартыла баштап, Саякбай Каралаев фонду каржылаган. Тасма кийинки жылдын башында көрсөтүлөт. (AsM)

XS
SM
MD
LG