Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Вице-премьер ӨКМнын Таластагы иши менен таанышты


22-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдан улам Чолпонбай айыл аймагындагы тоодон сел жүрүп Сарымсак каналынын деңгээли көтөрүлгөн.
22-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдан улам Чолпонбай айыл аймагындагы тоодон сел жүрүп Сарымсак каналынын деңгээли көтөрүлгөн.

Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Жениш Разаков бүгүн Таластагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгындагы иштер менен таанышып, жазгы жаандан кийин суу ташкындап жууп кеткен Талас дайрасынын жээктерин бекемдөө аракеттерин текшерди. Түшкө жуук Разаков насыячылардын кайрылууларын карап жаткан облустук комиссия жана банктардын жетекчилери менен жолугушту.

Вице-премьер кечээ Талас, Манас, Кара-Буура райондорундагы чек ара бөлүктөрү, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал, Киров суу сактагычындагы абал, Кызыл-Сай айылындагы суу жууп кеткен көпүрөнү бекемдөө иштери менен таанышкан.

Таласта 28-июлдагы мөндүр аралаш жааган жаан талаадагы эгинге зыянын тийгизген. Мөндүрдөн төө буурчак, арпа, буудай, мөмө-жемиштер жана көп жылдык чөптөр жабыркаган. Талас районунда жалпысынан 1000 гектар айдоо аянты зыян тарткан. (SS)

XS
SM
MD
LG