Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Кыргызстан БУУда эл аралык коомчулукту Көчмөндөр оюндарын колдоого чакырды


Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 62 өлкөдөн спортчулар катышты.
Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 62 өлкөдөн спортчулар катышты.

Кыргызстан Бириккен улуттар уюмун Көчмөндөр оюндарын колдоого чакырды. Тышкы иштер министри уюмдун Башкы Ассамблеясында улуттар аралык диалог радикализмди жана дин аралык касташууну алдын алаарын айтып, бул жаатта Кыргызстан бир катар аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

- Улуттардын көчмөн маданиятын даңазалоо максатында Кыргызстан 2011-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Ал эми 2014-жылы Кыргызстан Ысык-Көлдө алгачкы ирет бул оюндарды уюштурду. Бул оюндар улуттар арасында диалогду калыптандырганын көрүп, Кыргызстан быйыл экинчи ирет өткөрдү. Кыргызстан БУУнун Дин жана маданият аралык алаканы чыңдоо боюнча резолюциясын кубаттайт жана ушул өңүттө өтүп жаткан көчмөндөн оюндарын колдоп, резолюцияга кошулууга эл аралык коомчулукту чакырат – деди Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 62 өлкөдөн спортчулар катышты. (SDz)

XS
SM
MD
LG