Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

УКМКнын мурдагы төрагасы “Референдумга жол жок” кыймылына кошулду


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев “Референдумга жол жок” кыймылына кошулду. Бүгүн оппозиция Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында уюштурган жыйында сүйлөгөн Дүйшөбаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөөгө ант бергенин, аны аткаруу үчүн “Референдумга жол жок” кыймылына кошулганын айтты. Ал азыркы бийлик мыйзам бузуу менен Баш мыйзамды өзгөртүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңеште колдоо тапкан. Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана башка Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү, ошондой эле оппозициячыл саясатчылар менен жарандык активисттер бийликти мындан баш тартууга чакырып жатышат. Бирок, президент Алмазбек Атамбаев жана парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” фракциялары «Конституция өлкө кызыкчылыгы үчүн өзгөрүүгө тийиш» деген көз карашты карманууда.

"Референдумга жол жок" кыймылы Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтоого киришти. (SE)

XS
SM
MD
LG